www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кувейт менен биргеликте Кыргызстандын тарыхы жөнүндө документалдуу тасма тартылышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев менен Кувейт мамлекетинин Vidago Art Production (Искусство өнүктүрүү) компаниясынын башкы директору Али Аббас Аль-Наки талкуулады.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 8-августта Бишкекте өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын туристтик жана маданий кызматташтыгын Араб жана Европа мамлекеттери арасында илгерилетүү үчүн Кыргызстандын тарыхы жөнүндө документалдуу тасманы биргелешип тартуу маселесин талкуулашты.

Али Аббас Аль-Наки жогоруда аталган тасманы тартуу үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүү зарылдыгын билдирди.

Өз кезегинде министрдин биринчи орун басары бул сунушту ар тараптан кароо үчүн министрликтин дарегине дипломатиялык каналдар аркылуу компаниядан расмий кат жөнөтүү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, Кайрат Иманалиев министрлик Кырызстандын аймагындагы тиешелүү тарыхый-маданий мурастар камтылган жерлерди кыдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандын Араб мамлекеттеринде таанылышын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости