www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз балбандары көчмөндөр оюндарында 3 медаль жеңди

 Бүгүн, 30-сентябрда Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аба күрөш боюнча кыргызстандык үч балбан жеңишке жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 70 кг салмакта Ирлан Казыбек уулу, 75 кг салмакта Бактыяр Кадырбек уулу 2-орунду, ал эми 80 кг салмакта Шатман Эсенбек уулу 3-орунду ээледи.

Аба күрөш түрк элинин байыркы күрөш түрүнө кирет. Балбандар атайын кийизден жасалган кийим менен чыгышат. Күрөштүн аталышы да, дал ушул кийимдин атынан коюлуп, “Аба күрөшү” деп аталып калган. Күрөштүн аталган түрү дзюдонун элементтерин камтыйт.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сыноодо: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости