www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Алмазбек Бейшеналиев: Мен күнөөсүзмүн

Пара талап кылган деп шектелген билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев анын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, оперативдүү съёмкадагы тасмалардагы акча инвестицияга багытталган. Аларды чет элдик инвесторлор өткөрүп беришкен.

«Жакында баары белгилүү болот. Тергөө учурунда баарын жаздым. Мен күнөөсүзмүн», - деди министр.

28-сентябрда Алмазбек Бейшеналиев 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болгон. Ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн опузалап акча талап кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости