www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 30-сентябрына карата эл аралык келишимге ылайык, кыргыз тарап тажик тараптан Кыргызстандын жарандарынын Тажикстан Республикасына (Республикаларына) кирүү/чыгуу тартибин өзгөртүү жөнүндө билдирүүсүн алган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Душанбе эл аралык аэропортунун көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагына кирүүсүн негизсиз чектөө фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу жазды.

«Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсүн чектөөнүн бардык жагдайлары жана себептери такталганга чейин, министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон же аймак аркылуу башка мамлекеттерге транзиттик өтүүдөн убактылуу баш тартууну сунуштайт», — деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жарандарына карата укуктары бузулган учурда, Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жана Кыргыз Республикасынын элчилигинин ишеним телефонуна кайрылса болот. 

+996 551 312 000 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгы;

+992887782223 - Кыргыз Республикасынын Тажикстан  Республикасындагы Элчилиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости