www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздүн Президенти Садыр Жапаровдун БУУда "Манас эпосундагы Каныкей энебиз жөнүндө айткан сөзү коомчулукта ар кандай пикирлерди пайда кылды...

Биринчи, Президенттин айткан сөзүнүн пайдалуу жагы 1980-жылдардан бери коомчулукта – адабиятта, маданиятта, искусство тармагында ж.б. руханий багыттарда “Каныкей Букардагы Темиркан аттуу тажик канынын кызы, аты Санирабига” деп калыптанып калган, жалпы эл, “ошондой экен” деп үйрөнүп калган эс тутумду оңдоого, Каныкей энебиздин кайсы улуттан экендигин тактап, аныктоого өбөлгө болду.

Экинчи, зыяндуу жагы тажик менен кыргыздын мамилесиндеги оор абалга карата шылтоо таппай тургандардын табасын кандырып, ызы-чуулуу провокациялуу сөздөрдү жазып, айтууларына кеңири жол ачты.

Биз Каныкей энебиз буга чейин адабий-окуу китептерде, чыгармаларда, илимий изилдөөлөрдөгү; “Каныкей Букардагы тажик каны Темиркандын кызы” деп жазылган "Манас" эпосу боюнча бурмаланган жалган түшүнүктөрдү четтетип, чындыкты ордуна коюп, Каныкей энебиздин тажик эмес кыргыз экендигин далилдеген төмөндөгү 3 макаланы коомчулукка жарыялоону туура таптык:

Каныкей кимдин кызы?

Тажикстан тарап куралдуу күчү менен өлкөбүзгө бастырып киргенден кийин Фейсбукта жазылган бир кыйла посттордо жана комментарийлерде Каныкей тажик кызы эмес деген пикирлер орун алууда. Ал түгүл, "Каныкей тажиктин кызы" деп айткан” деп, Аскар Акаевди жөөлөп ийгендер да бар.

Каныкей кимдин кызы?

Тажиктин кызы деген пикир кайдан, качан чыккан? Аскар Акаев тажик акыны Гүлрухсор Сафиеваны "эже" деп койгону үчүн эле, Каныкейди тажик кызы деп калдыкпы?

Биринчиден, баягы "жаман көргөн кишинин бөркү казанбактай" деген сыңары, бул жерде Аскар Акаевдин күнөөсүн көтөрүштүн эч кандай кажети жок. Анткени, Каныкейдин Санирабийга (туурасы Санирабийге) экенин кыргыздарга тээтиги өткөн кылымдын 80-жылдарынан тартып эле дайын болгон.
Болгондо да кадимки залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун "Манасы" менен (Караңыз: Манастын Каныкейди алганы. Китепте: Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча."Манас" II китеп. Фрунзе, "Кыргызстан", 1980, 345-388-беттер). Анда Аскар Акаев президент эмес депутат да боло элек кези. Демек, маселе Аскар Акаевде эмес экен. Бул бир жагы.

Экинчиден, өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Тажикстандын Кыргызстанда маданий күндөрү өтүп жаткан учурда болсо керек, Тажик ССРинин жазуучулар союзунун жетекчилеринин бири, акын, тарыхчы Мумин Каноат трибунадан туруп, "керек болсо биз силердин таеке-тайыңар болобуз, Каныкей апаңар тажиктин кызы Санирабига" деп айтканына кыргыздын чыгармачылык интеллигенциясы күбө болушкан.

Ошондон тартып, улутубуздун чыгармачылык интеллигенциясы "Каныкей тажик кызы экен, аты Санирабига турбайбы" деген пикирге өтүшкөнү да тарыхта өкүм сүрүп келген чындык.

Эми, акыркы трагедиялуу окуялардын натыйжасында талашка түшүп аткан маселеге – “Каныкей чыны менен эле тажик кызыбы?” деген суроого келели: Эгерде Сагынбайдын чыгармачылык сыпаттоосуна таянсак, анда Каныкей Амир Темирдин кызы катары чыга келет. Анткени кан Жакып уулу Манаска колукту издеп жүрүп Букардан (Бухара) кыйбаа тажиктердин ханы Атемирдин Санирабийге деген кызын көрүп купулуна толтуруп жатат. Эгерде "Манас" манасчылардын айрым бир урунттуу тарыхый окуяларды кыялы менен (!) эркин интерпретациялоодон жаралган эпопея экенин эске алсак, анда Сагынбай айткан Атемирди тарыхый Амир Темир деп болжолдосок болот. Сагынбай араб тамгасын тааныган сабаттуу инсан катары Атемирдин прообразына тарыхый Темирланды пайдаланышы толук ыктымал. А бирок, Амир Темирбиз тажик эмес түрк-монгол элдерине тийиштүү колбашчы да. Демек, Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов 1995-жылы, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо учурунда Санирабийга тажик кызы эмес деп айтканы да ошондон улам болсо керек.

Ал эми тарыхый чындыкка келе турган болсок, Темирландын Санирабийга деген кызы болгон да эмес. А “Каныкей тарыхый жактан алганда тажиктин кызы болчу, аты Санирабийга” деп көшөөрүш эч кандай кажетсиз. Анткени анын тарыхый далили жок жана жогоруда айтылгандай улуу манасчынын чыгармачылык фантазиясынын гана жемиши. Маселен, Сагынбайдын вариантындагы Манастын ак падышага (орус падышасы) каршы согушканын, же Меккеге ажылыкка барганынын тарыхый болгон окуя катары карабайбыз да. Анткени, "Манас" эпопеясы манасчылардын учкул кыялынан жаралган, тарыхый окуяларды эркин, өз каалаганындай трактовкалаган көркөм чыгарма. Эпос тарыхый-документалдуу, илимий иликтөө эмес. Ушул жагын унутпашыбыз керек.

Кокус, эртең эле дагы бир Сагынбайдай залкар манасчы чыгып, “Каныкей Санирабийга эмес, аты түкүнчө эле, атасы бакүнчө улуттан болчу, деп айтып кете берсе, аны да тарыхый факты катары бетибизге кармайбызбы? Талашып-тартышабызбы?

Ошол эле, 1952-жылкы "Манас" эпосу боюнча өткөн Бүткүл союздук конференциянын чечими менен кабыл алынган бириктирилген, кошмо вариантта Букардын каны Темиркандын кызы Каныкейдин улуту тажик экени тууралуу кенедей да ишаарат жок. Анда Каныкей буруу-терүүсүз кыпкыргыз. Буга эмне дейбиз?

Жок, андай эмес мындай деп улутун сүрүштүрүп, аягы көрүнбөгөн дискуссия уюштуралыбы?

Көркөм чыгармага таянып Каныкейдин жарандыгын издеп, илимий иликтөөгө айлантыш - абсурд. Осол көрүнүш. Көркөм чыгарма андай териштирүүгө факт болуп бере албайт.

Каныкей ким болбосун, кимдин кызы болбосун, биринчи кезекте биздин кыргыз элинин залкар манасчыларынын эпикалык генийинин туундусу. Кыргыздын кан-жанынан, дүйнө танымынан жаралаган кыргыз аялзатынын образы. Биз ошого - дүйнөлүк адабиятка, маданиятка Манас менен Каныкейдей улуттук ар-намыстын, айкөлдүктүн, асылдыктын, аруулуктун символу болгон образдардан түзүлгөн теңдешсиз шедевр бере алган эл экенибизге сыймыктанганыбыз оң.

Эч ким көлөкө түшүрө албай турган биздин эң башкы мактанчыбыз ушул! Андыктан, майнапсыз талаш-тартыштын эч кандай кереги жок!

Жаныш Кулманбетов, жазуучу, драматург.

Каныкей эне кыргыз (кушчу) канынын кызы.

Сыймыктуу кыргыз тарыхынын бир өңүрүн чойгон кушчу уруусу даңазалуу тарыхка бай. Кыргыздын байыркы бир уруусу катары дүйнөлүк тарыхта эзелтеден аты аталып келатканы тарыхый чындык.

Кушчулар тээ байыркы тарыхта дүйнөнү дүңгүрөтүп дөөлөттүү мамлекеттерди орноткон кушчулар дүйнөгө тарап из салгандыктан Европанын, грек, скиф, Алтай, Каңгай, Кавказ, Иран, Крым бүтүндөй түрк тарыхында кушчу уруусунун атынан аталган жерлер, суулар, дарыялар, жайлоолор, кокту-колоттор арбын.

Кутчу байыркы, эзелки кушчунун бир аталышы. Башкасын айтпаганда деле б.з.ч. эзелки кытай тарыхында калган кушчулар батышка ооп, Дахяга кол салып багындырып алган. Дахя деген көчмөн кушчулардан кыйраган Греко-Бактрия мамлекети. Борбору Букар шаары эле, ал кытай тарыхында Ань деп берилет. Болгондо да Манас (Маодунь) заманында б.з.ч. 210-ж – б.з.ч. 174-ж. болгон тарыхый окуя.

Букар шаары кушчулардын шаары. Букар эли ал кезде тажиктер эмес болчу. Ал тээ Кан Кошойдун тушунда эле кыргыздашкан, түрктөшкөн ирандыктар – сарттар турган. Кийин Дарийдин заманында ирандан чыккан тажиктер түрктөшкөн эмес, ошондуктан өз тилин сактап калган.
Түрктөрдүн (кыргыз) “тээжик” деген сөзүнөн тажик деген ат келип чыккан. Эпосто Манас он эки миң жоокер менен күйөөлөп келет (Сагынбай Орозбаков боюнча). Букарды чаппай Каныкейди алып кайтат.

Каныкей эне ошо багынган, эли ар башка, бирок, элге эге, уютку болуп бийлик башында турган кыргыз (кушчу) канынын кызы.

Кален Сыдыкова “Кыргыз тарыхы” , “Бийиктик” 2003.1-бас., 2007-ж. 3- басылышы, 65-66-б.

Каныкей тажик кызы эмес, кушан падышасынын кызы.

Тарых арсеналында кырк уруу гуздардын (кыргыз) эң чоң урууларынын бири кушчулар (кушандар) же кытайлар атаган юуетчилер болуп саналат. Биздин заманга чейинки доордо кушчулар эң чоң тайпага мамлекетке айланып Даваан (Фергана) падышачылыгынын курамына кирген кушан мамлекети болуп Кыркыркан тоолорунун (Алай) багытында, башкача айтканда Алай тоолорунун уландысы Кара-Тоодон Бухарга чейинки жерлерди мекендешкен.
Даваан падышачылыгын башкарган Түгөлкан болсо, Кушан мамлекетин Атемиркан бийлеген. Атемиркан Бухарда кушандардын каны болсо жанагы Манастын аялы тажик кызы Санирабига деп жүрүшпөйбү Ал доордо “тажик” деген этноним болгон эмес.

Мындан келди тарыхта Даваан падышачылыгынын каны Түгөлкандын (тарыхта Түмөнкан деп берилет) улуу Моудубек Шанюй (Манас) кушчулардын кызы Санибийкечке үйлөнүш үчүн атайын кушандардын колуна түшүп, акырында Санибийкеч атасынын Акбозун (Акула) уурдап Моудунбек Шанюйду качырып акырында баатырга турмушка чыккандыгы кытай тарых наамесинде жазылган.

Демек, Каныкей тажик кызы эмес, Кушан падышасынын кызы болуп жатпайбы. Азыркы күндө Кара-Тоону этектеген кушчулардын көрүстөндөрү бар. Жергиликтүү эл Кушандарды (мыктылар) деп атаган. Азыркы күндө ошо көрүстөндөрдү мыктылардын көрү дешет. Мыкты дегендеринин жөнү Кушандар темир иштетүүнүн чебери болушкан.

Кушчулардын Таласка, ал жагы алыскы өлкөлөргө кетиши Кушан мамлекетинин кытайлар тарабынан кыйрагандыгы чындыка жакын. Ал эми эпостогу Манас баатыр кайын журтунун айрым бөлүгүн Таластагы эң четки ордосуна көчүрүп барып кытайлардан калканыч болгондугу Моудубек Шанюйдун тарыхында айтылат.

Мурзапар Үсөн, жазуучу, тарых иликтөөчү.

Бул макала жазуучу Кушубек Качибековдун “Кушан” империясы, “Туран “ империясы, "Кушчу уруусунун тарыхы". Бишкек - 2018. Этимология-топонимдер аттуу жыйнагынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости