www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эл артисти Айтажи Шабданова 17-апрелде 75 жаш курагында кайтыш болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлик кабарлады.
Айтажи Шабданова Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын белгилүү актрисаларынан бири эле. Өмүрүнүн соңку күндөрүнө чейин аталган театрда эмгектенди.
1946-жылы Араван районунда туулган Айтажи Шабданова театрда 14 жашынан бери түрдүү ролдорду аткарган. 1980-жылы Ташкент театр институтун аяктаган.
Сахнада кыргыз, өзбек, казак, тажик, азербайжан, уйгур тилдеринде ырларды аткарган, түрдүү образарды жараткан.
Султан Раевдин "Канышанын көз жашы" чыгармасындагы Курманжан Датканы, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасындагы Толгонайды жана башка каармандарды ойногон.
1975-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамдарын алып, 1999-жылы "Даңк" ордени менен сыйланган.