www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мариуполь шаарында орус күчтөрүнүн курчоосунда калган украин аскерлери багынып берүү тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин сунушунан баш тартышты. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль билдирди.

Анын айтымында, "шаар дале болсо кулай элек" жана "украин армиясы Мариуполдун айрым бөлүктөрүн өз көзөмөлүндө кармап турат".

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери шаардагы "Азовсталь" заводунда жашырынып турушканын билдирген. РИА "Новости" агенттиги орус күчтөрү чабуул жасап, Украинанын деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын командири Владимир Баранюкту жок кылышканын кабарлаган. Азырынча Киев бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Орусиянын жана "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактардын күчтөрү Мариуполь шаарын марттын башында курчап алышкан. Андан бери түрдүү маалыматтар боюнча 1,5 миңден 3 миңге чейинки сандагы "Азов" батальону менен деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын жоокерлери шаар үчүн күрөш жүргүзүп келишет. Өткөн жумада алардын бир бөлүгү орус аскерлерине багынып бергени кабарланган.

Украин бийлигинин маалыматына ылайык, орус армиясынын Мариуполдогу аскердик аракеттеринин жыйынтыгында шаардагы имараттардын 90% көбү талкаланды. Азырынча каза болгон жайкын тургундардын так санын эсептеп чыгуу мүмкүн болбой жатат. Бирок кеп миңдеген адам жөнүндө болуп жатканы анык.

Последние новости