www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-июлда тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстандагы АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын консулдук тармагындагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Айрыкча, АКШ тарабынан кыргызстандыктарга карата визалык саясатына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө көңүл бурулду.
Министрдин орун басары аталган өзгөртүүлөргө байланыштуу кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирип, бул маселени талкуулоодо конструктивдүү мамиле кылууну жана өз ара кызыкчылыкты сактоо маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде элчи Л.Вигери кыргызстандыктардын Америка Кошмо Штаттарындагы жүрүүсү боюнча статистикалык маалыматтарды берип, АКШнын визалык саясатына киргизилген миграциялык өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чы максатында консультацияларды улантуу жөнүндө макулдашышты.