www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын эки жүздүүлүгү

Ырчы Нурчолпондун «Манас» эпосуна байланыштуу аткаруусу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, Кыргыз улуттук «Манас» театры аны тиешелүү платформалардан алып салууну сунуштады.

Албетте, «Манас» — кыргыз элинин ыйык мурасы. Аны урматтоо, мазмунун сактоо жана туура жайылтуу — баарыбыздын жоопкерчилигибиз.

Бирок бул жерде дагы бир суроо жаралат.

Алсак, манасчы Рыспай Исаковдун Түркияда шымына сийип койгону тууралуу талкуу жаралып, анын «кетсең дагы кетесиң, кетпесең дагы кетесиң» деп алжыганы бүтүндөй кыргыздын эсинде калган. Дегенибиз, Кыргыз улуттук «Манас» театры тырмактай кызга тикенектей сайылгандай эле болду.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Нурчолпондун улуу «Манас» эпосуна байланыштуу аткаруусу кызуу талкууга алынгандан кийин, Кыргыз улуттук «Манас» театры коомчулуктагы пикирлерге байланыштуу жооп катары өз позициясын билдирди.

Театрдын билдирүүсүндө улуу Манаска коомчулуктун кайдыгер карабай, анын айтылышына, аткарылышына жана жайылтылышына көңүл буруп жатканы кыргыз элинин улуттук мураска болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин белгиси экени белгиленет.

Тилекке каршы, Кыргыз улуттук «Манас» театры өз учурунда оозуна келгенди оттогон Рыспай Исаковго да каршылык сөз айтып карышкырлардай «аууууу» деп улуп койсок, биз деле сүйүнүп калмакпыз.

 Чынында, бул жерде бириңерди мактап, экинчиңерди тактоо эмес. Маселе мындан да тереңде.

Акыркы учурда маданият тармагындагы улуттук баалуулуктарды катардагы карапайым калк эмес, дал ошол маданияттын өкүлдөрү тебелеп-тепсеп, кыргыздын ыйык мурастарына кайдыгер мамиле жасап жаткан учурлар көбөйүп баратат.

Ырчылардын ырларындагы маанисиз сөздөр, мазмундун жардылыгы, кинолордо тилдердин аралашып жатканы — деги койчу...

Апендинин жүрүшүнө салган «акчак секириктин» аягы барып качан тыялат — күтө туралы.

Бирок бул жөн гана чыгармачылыктагы кемчилик эмес. Бул — улуттук наркка, тилге, маданиятка жана мураска болгон мамиленин көрсөткүчү.

Эң өкүнүчтүүсү — кыргыздын маданий мурастарын сактап, элге туура жеткирүүгө тийиш болгон адамдардын өздөрү ошол мурастардын баркын түшүрүп жатканы.

Ыйык нерсени элге түшүндүрүп, сактоого чакыра турган маданият өкүлдөрү анын кадырын өздөрү кетирип жатса, анда карапайым элден эмнени талап кылабыз?

Күтө туралы. Бирок бул көрүнүшкө кайдыгер карап коюу — эртең кеч болуп калганда өкүнүп калчу иш.

Анткени улуттук баалуулук бир жолу тебеленсе, анын ордуна кайра жаңысын жаратып коюу оңой эмес.

Последние новости