www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы ВЕБ-КАМ бизнеси тууралуу Нарынбек Кутманбаев аттуу Фейсбук колдонуучусу өз баракчасына абдан маанилүү маселени көтөрүп, өтө курч көйгөй тууралуу коңгуроо какты.
Эгер биз улуттун келечегин ойлосок Кутманбаевдин жазгандарына терең көңүл буруп, маани беришибиз милдет. Кыргызда улутуңду сактайм десең кызыңдын абийирин, уулуңдун намысын сакта деген...
Акыл-эси ордунда, өлкөнүн, улуттун келечегине кайдыгер карабаган намыстуу ар бир жаран Кутманбаев көтөргөн төмөндөгү көйгөйдү жоюну, арам иштерди коомго сиңирип, улуттун өзөгүнө балта чаап жаткандардын жоопкерчилигин карап, жазага тартууну бийликтен талап кылышы милдет.
Эмесе Нарынбек Кутманбаевдин жазганына көңүл буралы:
— Даниел Ажиев - Кыргызстанга вебкам бизнесин ачып жана өнүктүргөн. Вебкам - (желе же интернет камера) камерага жылаңач кыздар секстин ар кандай түрүн дүйнөнүн булуң бурчундагы кардарлардын (извращенецтердин) акчасына кардарлардын талабын аткаруу индустриясы!
Көпчүлүк кыздар өзүнүн интимдик мүчөлөрүнө “секс-оюнчуктарды” шыкап же дагы да башка балит нерселерди аткарышат.
Вебкам секс-индустриясы дүйнөлүк мафиялык синдикаттын колдоосу аркылуу өнүгүүсү мүмкүн. Уюштуруучулар жана көзөмөлдөөчүлөр (хакерлер, бандиттер) болушу мүмкүн. КР вебкамдын уюштуруучулары Ажиев жана анын командасы.
Хакерлер Украинада, Пакистан, Китай, Индияда отурушу дагы мүмкүн. Ажиевдер кыздарды ар кандай “сонун” жарнама аркылуу “тузакка” илип алышышат.
Мисалы эң кызыктуу, акчасы көп, иштегенге ыңгайлуу жумуштарды убада кылышып, кыздарды жумушка чакырышат. Жумуш издеген кыздар Ажиевдин командасы чакырган адреске барып алышат.
Анан кыздарды азгырышат. Акчаны аябай көп табасың, эч ким менен төшөккө жатып секс кылбайсың, жөн гана жылаңачтанып, уят мүчөлөрүңөрдү гана камерага көргөзүп акча табасыңар дешет. Антип азыр баары эле акча таап жатышат. Алардын инстаграмм аккаунттары дүйнөдө ар кайсы өлкөлөрдө эс алып, каалаган нерселерин алып, машина, үй, айфон баары болот. Ата-энеңерди да багасыңар. Силердин ийгиликке баары суктанышат.
Инстаграммга миңдеген катталуучуларыңар көбөйөт. Мына биздин башка вебкам моделдерибиз ИНСТАГРАММ ЖЫЛДЫЗ болуп жүрүшөт. Аларды эч ким вебкам экенин билишпейт деп алдашат.
Ага акылы аз, тарбиясы жок, моралдык сапаттары төмөн же айлалары кетип турган кыздар азгырылып же айласыздан макул болушат. Иштеп баштаганда башында талаптар жеңил болот.
Жөн эле камерага чечинип, интим мүчөлөрүн көрсөтүп эле башталат. Акча көп таба башташат. Акчаны көргөн кыздар “ачыла” башташат. Акыры талаптар “секс-оюнчуктарды” колдонгула деген талапка жетет. Макул болбогон кыздарга психологиялык чабуул башталат. Алардын телефон, интернеттеги баардык контакттарын, тууган-урук, достору, классташ, группалаш, агай-эжейлеринин баарынын контакттарын алып коюшкан болот. Макул болбосоңор буга чейинки камерага койгон видеолоруңардын баары ошол контакттарыңарга жөнөтөбүз деп шантаж кылышат. Кыздарды азгырышып алар менен секс кылышат же зордукташат.
Анын баарын жашыруун камераларга тартып алышат. Шантаж менен кыздардын баарын көндүрүшөт. Милиция жана башка укук коргоо органдарында Ажиевдердин “чатырлары” жана Ажиевдин “арам” акчасынан бөлүшүшкөн санаалаштары көп. Эч ким мындай “ВЕБКАМ-порно КОРОЛду камай албайт. Биздин погончон мырктарды “с потрахами” сатып алып койгондугун Сокенин кудасын ашата сөгүп туруп милициядан бошонуп кеткенде көргөнбүз. Ошентип кыргыз кыздары бузулуп жатышат.
Мындай адилетсиздикке ар-бирибиз, окуп жаткан сиз, баарыбыз күнөөлүбүз. Анткени “моя хата с краю”, “я вне политики” деген “философия” менен кайдыгер басып жүрөбүз.
Ошол кыздар менен Ажиевдин порно видеолору бар. Мактанып интернетке чыгарган. Ошондой жол менен тапкан акчанын дагы кулу болуп кыргыздар жүрүшөт алданып!
Р.S. Мен бул нерселерди өзүмдүн байкоолорум жана анализимдин негизинде гана жаздым. Сиздер да анализ кылгыла.
Ойлонгула, ойгонгула, өзгөргүлө, өзгөрткүлө!
Менин да кыздарым, уулдарым бар. Бирок арам акча менен өзүбүздүн кыргыздын кыздарын кордоп, шылдыңдап, маскара кылып акча тапкандан көрө, адал мээнет менен базарда араба түрткөн оң! Биздин улуттук намыс жогору туруусу керек! Кавказда же чечендерде мындайларга катуу жаза колдонушат!
Өзүнүн жанын кыйгандар, канчалаган көз жаш, кайгыга себеп болгон тагдырлардын убалы кимге!.., – деп коңгуроо какты.
Келгиле, өтө ачуу айтылган чындыктан жыйынтык чыгарууга мезгил келди. Мындай коомду деградация кылган паразиттерден арылалы. Мыйзам чегинде жоопкерчиликтери каралсын.
Булак: NazarNews.kg