www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баарын кыргызча кылгысы келген журналисттер вареньени-кыям деп которуп алып, колдонуп жүрүшөт. "Кыям" деген сөз кыргызда жалгыз гана "варенье" дегенди түшүндүрбөй тургандыгын алардын эстерине сала кетели дедик.
"Кыям" деген сөз бизге араб тилинен кирген. "Түштүк жак" дегенди билдирет. Эпосто да "Кытайдын кыям жагында" деген сөз бар. Бул сөз "Кытайдын түштүк жагында" дегенди билдирет. "Бардыгы жыгылып кыямга отурушту" дейт. Намазга жыгылгандагы көрүнүштү айткандагы сөз.
Баткенде "кыям" деген "бир мезгил", "бир убак" дегенди билдирет. Мисалы "Күн бир кыям болуп калыптыр" деп коет. Баткенде ошондой эле уулуу чөптүн бир түрүн да "кыям" деп коет.
Лейлекте "кыям" деген сөз "таңгак" дегенди түшүндүрөт. Мисалы "Эки кыям гезит келди" дейт. "Эки таңгак гезит келди" дегени.
Чүй менен Таласта "кыям" деп буттун муунуна чыгуучу жараны айтат. Мисалы "Бутка чыккан кыямды ысык темир менен каарып айыктырган" дейт.
Жалгыз Өзөндө гана "вареньени-кыям" дейт.
Сөз деген агып жаткан чоң дайра деп келебиз. Ошол дайра агып олтуруп бөтөн элге барганда ошол жердин, ошол элдин тили менен аталары белгилүү. Ушул сыяктуу эле бир тилде сүйлөнүп жүргөн сөздөр бөлөк тилге өткөндө ошол элдин сөзүнө айланып кетери боло жүрчү көрүнүш.
Мисалы чананы орустар "сани" дейт. Казактар "шана", татарлар "сана" дейт. Чана деген орус тилине татарлардан кирген.
Бизде бөлөк тилден кирген сөздөрдү кыргызча сиңбесе да сиңирүүгө аракет кылып жүргөндөр жок эмес. Маселен сабак окуган адамды же лекция окуган лекторду арабдар "мударис" деп коет. Бизде профессор Кусейин Исаев агабыздан башка "мударис" жок.
Тилибизге кандай келип кирсе так ошондой айтылып келаткан көптөгөн эл аралык терминдер бар. Тарыхчыларыбыз ошондой терминдердин бири болгон "революция" дегенди чанып, сиңбеген ой-боюна койбой бизди араб тилиндеги "ыңкылапка" үйрөтүп келатышат.
"Мырза" деген да арабдын сөзү экенин, ал "жакшы жигит" дегенди түшүндүрөрүн, мырза деген амирдин тукуму, төрөнүн уулу экендигин, демек арабдарда балдары "мырза" деп айтылбай тургандыгын да айта кетели.
Бир тилден экинчи бир тилге барып, мааниси бир аз өзгөрүп, кайра өз тилине келген сөздөр да болот. Мисалы: сургуч, чемодан, алмаз, караул, булат, чулок, тормоз, ярлык, шашлык, халат, диван, карандаш, кирпис, стакан деген сөздөр орус тилине байыркы түркүй тилдердин атасы болгон кыргыз тилинен кирген.
Муну менен бирге эле чайнек, каамыт, кожоюн, үтүк, табар, тамеки, сурма, сандык, мүшөк, чыт, ыштан, ордук, очок, чоюн, догоо, түрмө, ураа дегендердин баары өзүбүздүн сөзүбүз экендигин тааныбай, аны кайра оресчалап: чайник, мешок, хомуд, хозяин, утюг, товар, табак, сурьма, сундук, мешок, ситец, штаны, ордер, очаг, чугун, дуга деп жазып, айтып келатканыбызды да билбей жатпайбызбы.
Убагында араб тилинен кирип, бирок өзүбүздүн төл сөзгө айланып кеткен айрым сөздөр кыргыз тилиндеги синонимдерди менен жарыша колдонула берет. Мисалы арабдын "карып" деген сөзү бизде "кедей, жакыр, жарды" дегенди, арабдын "жамы" деген сөзү бизде "баары, мүлдө, бүткүл” дегенди, арабдын "шерик" деген сөзү бизде "дос, жолдош" дегенди билдирет.
Шайлообек Дүйшеев, акын
Булак: NazarNews.kg