www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүү Өзбекстандын аймагында өтөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 5-7-майда Бишкекте өткөн эки тараптуу жолугушууга өкмөттүк делегациялар катышып, ортодогу мамлекеттик чек ара тилкесин демаркациялоо боюнча уюштуруу-укуктук маселелер талкууланды.

5-майда өзбек чек арачыларынын огунан Ала-Буканын үч тургуну каза болгон. Алар атасы жана эки уулу экени аныкталган. Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматына караганда, алар чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткич алып өтүүгө аракет кылышкан. 5-апрелде да өзбек аскерлеринин огунан кыргызстандык эки бир туугандын өмүрү кыйылган. Алар Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз жүк ташып жатканы кабарланган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости