www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилгени үчүн Европа сотуна кайрылды.

ТАСС агенттиги билдиргендей, бизнесмен Европа Кеңешине каршы арызданууда.

Соттун маалымат кызматы кабарлагандай, доогер Кеңештин ага карата киргизген чектөөлөрүн жоюп, сот чечими чыкканга чейин тыюу чараларынын аткарылышын токтотууну талап кылууда.

Европа биримдиги Усмановго каршы Орусия Украинага кол салгандан төрт күндөн кийин – 28-февралда санкция киргизген. 4-мартта санкциялык тизмеге андан тышкары орусиялык бизнесмендер Михаил Фридман, Петр Авен жана Алексей Мордашев да киргизилген.

Талдоочулар орусиялык бизнесмендер 2022-жылдын башынан бери 45 миллиард долларынан ажыраганын эсептеп чыгышкан. Алишер Усманов 1,63 миллиард долларынан кол жууган.

Апрелде Кипр орус байларын “алтын паспорттон” ажыратары, алардын арасында Усмановдун карындашы Гүлбахор Исмаилова да бар экени айтылган.

13-апрелде Улуу Британия Евробиримдик менен кеңешип, Орусияга каршы санкциялык тизмени кеңейткен. Ага дагы 206 бизнесмен менен саясатчы жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү киргизилген. Бул тизмеде Алишер Усмановдун да эки карындашы бар. Алардын Улуу Британиядагы активдери тоңдурулуп, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган.

Алишер Усманов – Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кудасы.

2016-жылы президенттик такка отурган Шавкат Мирзиёев Алишер Усмановду «Эл-Юрт Хурмати» ордени менен сыйлаган. Акыркы жылдардан бери ал Ташкент менен Кремлдин саясий жана экономикалык кызматташтыгында маанилүү роль ойноп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости