www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын башынан бери «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу 700 миллион доллардан ашык 12 тонна алтын сатылган. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден жергиликтүү басылмаларга билирген.

Кыргызалтын «Коммерциялык сырлар жөнүндө» КР мыйзамынын жана контрагенттер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде «Кыргызалтын» ААК алтын сатып алуучулар тууралуу маалымат бере албастыгын, «бул маалымат коммерциялык сыр болуп саналат» деп айтылат маалыматта.

Улуттук статистикалык комитеттин сайтында жарыяланган расмий статистикага ылайык, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандан бир грамм алтын экспорттолгон эмес (ТН VED 7108120001 – «Кеминде 995 бөлүктөн турган куймадагы чийки же жарым фабрикат 1000 эритме бирдигине алтын»).

Ага ылайык, 12 тонна алтынды Улуттук банкка сатса болот, ал металлды биринчи сатып алуу укугуна ээ.

Эске салсак, январь айынан апрелге чейин Лондон фондулук биржасынын ишенимдүү камсыздоочу статусу «Кыргызалтынга» кайтып келгенге чейин компания 3 тонна алтынды 185 миллион долларга саткан.

Ал эми бул боюнча парламенттин бүгүнкү жыйынында маселе көтөрүлгөн. Буга Акылбек Жапаров жакын арада өкмөт отчет берилерин билдирген.

«Биз бир жылдык отчет менен Жогорку Кеңешке келебиз. Экинчи сессияда бизди чакырып, суроолорго жооп алууга сиздерде далай мүмкүнчүлүк болот. Алтын тууралуу сиздерге жооп берүүгө биз даярбыз.

Кээ бир жалпыга маалымдоо каражттарынын бизди уруштуруп, алтындын тегерегинде чыр чыгышына жол бербейбиз. Бизде алтын тууралуу так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости