www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2030-жылга чейин негизги азык-түлүккө болгон ички керектөөнү 100 пайыз камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйынында айтылды.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында өлкө сүт менен 124,1%, картошка менен 198,9%, жашылча-жемиш менен 247,2% камсыз боло алары белгилүү болду.

Ошол эле учурда этке болгон муктаждык 82,1%, жумуртка 79,8%, нан азыктары 77,4%, кант 72,6% камсыздалууда. Өсүмдүк майы боюнча көрсөткүч 53,6%, мөмө-жемиш боюнча 15,6% түзөт.

Импортко көз карандылыкты азайтуу үчүн буудай жана май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын кеңейтүү, жаңы бактарды отургузуу, сапаттуу үрөн жана асыл тукум мал менен камсыз кылуу, ошондой эле эт, сүт жана мөмө-жемишти кайра иштетүүнү күчөтүү пландалууда.

Последние новости