www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети тарабынан чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына кирип-чыгуу тартибине өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык «Visa-run» жокко чыгарылды. Эми чет элдик жарандар өлкөдөн чыккандан кийин дароо эле кайра кире албайт. Алар 60 күндүк визасыз режимди колдонуу үчүн өлкөгө кайра эки айдан кийин келе алат.

Ал эми Кыргызстанда визасыз 90 күн жүрө алгандан чет элдиктердин мөөнөтү «90/180 «принциби боюнча эсептелет.

Буга байланыштуу министрлик чет мамлекеттердин жарандарын өлкөгө сапарын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Тышкы саясат мекемеси уруксат берүүчү документтерди (жашап турууга уруксат берүү, каттоо, «кайрылман» статусу ж.б.) Кыргызстандын чегинен чыкпай туруп тариздөө мүмкүн экендигине көңүл бурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости