www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин күнү тууп турган кези. Элдин акчасына курулуш, ремонт иштерин жасатып, аны пиар кылып, жасалма аброй күткөнүн карагылачы?
Эбак эле өзүн өлкөдөгү үчүнчү фигура сезип алганы, эми тамырын терең жайып, эртеңки күнү бийликти толук колго алууга кириштиби?
Көзачыктарга тымызын төлгө салдырып, дуба окутуп, жолун ачтырууга жанталашып, кийинки президент болууга кириштиби? Тегин жерден дарактын учу термелбейт эмеспи. Коомчулукта Туманбаевдин доору келатканы айтылууда.
Эки дос муну этибар албай, мамлекеттин түйшүгү менен алпурушуп аткан чакта, арттан далыга бычак сая турган адамды байкабай өстүрүп алыштыбы? Эми оңой менен кутула алышпайбы? Себеби, ал бир топ купуя маалыматтарды чогултуп алганы, ыгы келсе “бомба” катары жарууга белсенгениби?
Сыягы, суроолор көбөйүп баратат. Ошондо 7-ажо Туманбаев болобу? Айтор, баарын тумандатып салгандай, - деп жазат "Азия Ньюс" гезити.
Булак: АЗИЯnews гезити