www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан менен Кыргызстан Жамбыл облусуна суугат учурунда суу менен камсыз кылууну макулдашты. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Суу жана ирригация министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Талас дарыясынын «Түйтө» каналына кайра суу берүү чечими кабыл алынды.
Казакстан суу каналдарынын саны көбөйтүү максатын көздөп жатканы кабарланат. Ал «Акмолдо», «Каратакы», «Төмөнтамга», «Колос», «Кож» каналдары аркылуу дагы Кыргызстандан суу алууну пландоодо.
«Бул жылы Жамбыл облусунун дыйкандары суу тартыштыгына кабылды. Эмки жылы мындай кыйынчылыктар болбошу үчүн алдын-ала пландоо иштерин жүргүзүп жатабыз»,- деди кошуна өлкөнүн министри Нуржан Нуржигитов.
Эскерте кетсек, Казакстанга суу берүү 10-августта токтотулуп, октябрь айында кайра жанданган.
Булак: NazarNews.kg