www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-августта Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, тажрыйба алмашуу жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча кызматташууну талкуулашты.
Ошондой эле Кыргызстандын ӨКМи менен Индиянын Ички иштер министрлигине караштуу Улуттук өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (NDMA) ортосунда практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурулду. Анын алкагында эксперттерди жана делегацияларды алмашуу, биргелешкен машыгууларды өткөрүү, ошондой эле кыргызстандык адистердин Индияда билим алуусу жана квалификациясын жогорулатуусу каралууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.