www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу энергетикалык балансты жөнгө салуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу КР энергетика министри Доскул Бекмурзаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

"КРнын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жана мен көтөргөн демилге аркылуу казакстандык жана өзбекстандык кесиптештер менен жолуктук. Анда суу энергетикалык балансын жөнгө салууга байланышкан актуалдуу маселелер тууралуу, ошондой эле мындан аркы кызматташтыгыбызды чыңдоо боюнча иш-аракеттерди сүйлөштүк", - дейт Бекмурзаев.

Жолугушуу жемиштүү өткөнүн белгилеп, "Кесиптештер болуп биздин биргелешип аткара турган алгылыктуу иштерибиздин бири - бул энергетикалык коопсуздук деген жалпы пикирге келдик. Биз ар дайым бири-бирибиз менен байланыштабыз жана колдонуучуларыбыз электр энергиясы менен үзгүлтүксүз түрдө камсыз болуп турушу үчүн колдон келген аракеттерди жасап келебиз. Борбор Азия аймактарынын суу энергетикалык потенциалын өнүктүрүү - биздин көңүл чордонубузда турган дагы бир маанилүү милдеттерибиздин бири десек болот", -деген пикирин билдирген.

Жолугушууга андан сырткары Казакстандын Экология, геология жана суу ресурстары министрлигинин, Өзбекстандын Суу чарбасы министрлигинин башчылары катышышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости