www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн Түркияга келген Кыргызстандын куткаруучулары 9-февраль саат 4:50гө карата (жергиликтүү убакыт боюнча) урандылардын астынан 19 адамдын сөөгүн алып чыгышты.
Учуруда издөө-куткаруу иштери уланууда.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.
Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миң 57 адам, ал эми табият кырсыгынан жабыркагандарды саны 52 миң 979 адамды түзгөндүгү кабарланууда.
Булак: NazarNews.kg