www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирия бүткүл дүйнөдөн жардам сурады

8-февралда Сириянын саламаттыкты сактоо министри Хасан ал-Габаш дүйнө өлкөлөрүн Дамаскка техника жөнөтүп, 6-февралдагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө чакырды. Тиешелүү билдирүү ведомствонун Facebook баракчасына жарыяланды.

«Окуя болгон жерден дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө кайрылуум: бардык жабдууларды берип, жардам бергиле. Жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам бергендердин бардыгына ыраазычылык билдиребиз, бул жардамдын агымы токтобой, улана берет деп ишенебиз», - деди министр.

Белгилей кетсек, жер титирөө болгонго чейин да БУУ Сирия калкынын 70 пайызы гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирген. БУУнун Сирия боюнча Туруктуу координатору да жер титирөөнүн трагедиясы жакындарын күн сайын багуу үчүн күрөшүп жаткан көптөгөн аялуу үй-бүлөлөргө катуу таасирин тийгизгенин айтты. БУУ жана башка гуманитардык жардам уюмдары учурда тамак-аш, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар жана дары-дармек сыяктуу шашылыш муктаждыктарга көңүл буруп жатканын айтышууда.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24тө – 7,6 балл).

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон коркунучтуу жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 8 миңден ашты.

Кыйратуучу жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Грек Кипр жана Ирак баш болгон коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости