www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-августунда Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Айбек Токтоболотов Катар Мамлекетинин Аш-Шура кеңешинин (парламентинин) төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-катар мамилелеринин учурдагы абалы жана аларды мындан ары өнүктүрүү перспективалары талкууланды.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, анын ичинде парламенттик делегациялардын өз ара сапарларын уюштуруу жана Кыргызстан менен Катардын парламенттик достук топторунун байланыштарын кеңейтүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган багыттар боюнча диалогду улантууга жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Последние новости