www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы иш сапарынын алкагында Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (CNPC) башкы директору Ло Ичжоу менен жолукту.

Жолугушууда Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү маселелери талкууланды. Анын ичинде CNPCге караштуу «Куньлунь Логистик» компаниясы аркылуу мунай продуктуларын ташуу жол-жоболору каралды.

Кыргызстандын делегациясынын курамына өлкөдө мунай тармагында иш алып барган ондон ашуун компаниянын жетекчилери кирди. Аларга CNPCнин ишмердүүлүгү жана компания аркылуу жүк ташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Тараптар мунай ташыган жүктөрдү чек ара өткөрмө пункттарынан ыкчам өткөрүү, бажы процедураларын жеңилдетүү жана жеткирүү кызматын аткарган айдоочулар үчүн визаларды тариздөөнү жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.
Эрлист Акунбеков соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө түз соода мамилелеринин маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз ишкерлеринин CNPC менен жаңы келишимдерди түзүүгө кызыкдар экенин айтты. Анын айтымында, Борбор Азиядагы мунай рыногундагы кырдаалды эске алуу менен бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү зарыл.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандан барган компаниялар CNPC менен мунай продуктуларын өлкөгө ташып келүү боюнча макулдашып, тиешелүү келишимдерге кол коюшту.

Өз кезегинде CNPCнин башкы директору Ло Ичжоу Кыргызстан менен координацияны жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал чек арадагы бажы жол-жоболорун өркүндөтүү, техникалык тейлөө жана операциялык иштерди уюштуруу, ошондой эле ишенимдүү жана үзгүлтүксүз Кытай–Кыргызстан энергетикалык логистикалык коридорун биргелешип түзүү ниетин билдирди.

Маалымат үчүн: CNPC — мунай жана жаратылыш газын чалгындоо, өндүрүү, кайра иштетүү жана ташуу багыттарында иш алып барган Кытайдын ири мамлекеттик энергетикалык корпорацияларынын бири.

Последние новости