www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Россиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозов менен жолукту.

Тараптар эки тараптуу спорттук кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, тажрыйба алмашууну жана биргелешкен иш-чараларды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Алексей Морозов Кыргызстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, ачылыш аземинен алган жакшы таасирлери менен бөлүштү.

Ал аземдин деңгээлин Сочиде өткөн Олимпиада оюндарынын ачылышы менен салыштырды.

Ошондой эле Россиянын курама командаларынын Кыргызстанда өткөрүлгөн окуу-машыгуу жыйындарына жана спорттук иш-чараларга катышуусу акыркы мезгилде көбөйүп, 1000 катышуучуга жеткени айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Россиянын Спорт министрлигинин ортосундагы ведомстволор аралык меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026–2027-жылдарга карата иш-чаралар планына кол коюлду.

Документ спорт тармагындагы кызматташтыкты системалуу өнүктүрүүгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки өткөрүлүүчү өлкөсү болуп тандалган. Оюндар Россияда, анын курамындагы Татарстан Республикасында өтөт.

Последние новости