www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңешинин жыйыны өттү.
Жыйында өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы, 2026-жылга карата 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын баланстары жана 2027-жылга карата пландар талкууланды.
Ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, азык-түлүк рыногунун туруктуулугу, импорт, бааларды жөнгө салуу, мамлекеттик резерв, логистика жана калкты сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо маселелери каралды.
Жооптуу жетекчилерге күзгү жана жазгы талаа иштерин бирдиктүү план менен жүргүзүү, эт рыногундагы иштерди күчөтүү, агроөнөр жай зоналарын практикалык баскычка өткөрүү жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнү өнүктүрүү боюнча 2027–2031-жылдарга программаны даярдоо тапшырылды.
Мындан тышкары, 9 социалдык маанилүү азык-түлүк боюнча ыкчам аракеттенүү протоколдорун иштеп чыгуу, түз сатуу механизмдерин күчөтүү, рынокту товарлар менен жетиштүү камсыздоо жана өсүмдүк өстүрүү тармагындагы негизги багыттарга жума сайын мониторинг жүргүзүү милдеттендирилди.
Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдарды жана керектөө нормаларын жаңылоо, туура тамактануу боюнча маалыматтык-окутуу программасын иштеп чыгуу жана Азык-түлүк коопсуздугу институтунун ишин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, айрым социалдык маанилүү азык-түлүктөр боюнча ички өндүрүш калктын керектөөсүн толук камсыздоого жетиштүү. Анын ичинде картошка менен камсыз болуу 163%, жашылча жана коон-дарбыз боюнча 153%, сүт жана сүт азыктары боюнча 112% түзөт.