www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек мэриясынын айрым чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырды.

Депутаттын айтымында, борбор калаанын тургундарынан мэриянын ишине байланыштуу көптөгөн даттануулар түшүүдө. Алардын арасында Орто-Сайдагы кызыл китеби бар үйлөрдүн бузулушу, шаардагы жашылдандыруунун начарлашы жана унаа токтотуучу жайларга байланыштуу келишимдердин бир тараптуу бузулушу бар.

Ошондой эле Матросов көчөсүндөгү курулуш боюнча прокуратуранын эскертүүсүнө карабай иштер уланып жатканы айтылды.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Малик Бектурганов депутаттын кайрылуусун карап, тиешелүү чара көрүүгө убада берди.

Последние новости