www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-августта Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгүнүн катышуусунда кыргызстандык «Qarga Group» жана түркиялык «Meshine Swarm Technologies» компанияларынын өкүлдөрү жолугушту.
Тараптар энергетикалык инфраструктураны көзөмөлдөө жана тейлөөдө учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) колдонуу маселесин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында түркиялык программалык камсыздоону Кыргызстандын рыногунун стандарттарына жана техникалык талаптарына ылайыкташтыруу, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык объектилеринде биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.
«Meshine Swarm Technologies» компаниясы күн электр станцияларын мониторингдөө жана текшерүү жаатында тажрыйбага ээ.
Пилоттук долбоорлорду «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК менен биргеликте жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линияларын жана башка маанилүү энергетикалык объектилерди аэрофотосүрөткө тартуу жана маалыматтарды талдоо технологияларын колдонуу менен ишке ашыруу пландалууда.
Долбоордун алкагында алынган маалыматтарды талдоо аркылуу энергетикалык объектилердеги тобокелдиктерди эрте аныктоо жана авариялардын алдын алуу көздөлүүдө.
Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү тараптардын кызматташтыгын координациялап, ата мекендик технологиялык компаниялардын эл аралык тажрыйбага жана заманбап технологияларга жетүүсүнө көмөк көрсөтүүдө.