www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» берген маегинде мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) импорттоо менен алектенген компанияларга субсидия төлөөнү улантарын билдирди.

Анын айтымында, атайын комиссия ишканалар күйүүчү май сатып алуу боюнча түзгөн ар бир келишимди өзүнчө карап чыгып, баалардын ылайыктуулугун көзөмөлдөйт.

Ал ошондой эле Кыргызстандын президенти КММди кандай баада болбосун сатып алууну тапшырганын жана чыгымдардын орду толтуруларын кепилдегенин белгиледи.

«Биз бардык компанияларды чакырып, бул тууралуу маалымат бердик. Президенттин тапшырмасынын алкагында бул ишти аягына чейин жеткиребиз. Кечээ Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Алешович Касымалиев жыйын өткөрүп, компанияларга компенсация төлөө улантыларын билдирди», — деди ал.

Ошол эле учурда аткаминер субсидиялоо механизмин колдонуу мөөнөтү канча убакытка узартылганын тактаган жок.

Данияр Амангелдиев АИ-92 бензининин, автогаздын жана дизелдик отундун баалары туруктуу бойдон каларын, бирок АИ-95 жана АИ-100 үлгүсүндөгү бензиндин баасы өсүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Последние новости