www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан гидроэнергетикалык объектилерди курууга россиялык инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи аймактагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп саналат. Ошондой эле өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди, кайра жаралуучу энергия булактарына негизделген объектилерди куруу иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, Кыргызстан туризм тармагын өнүктүрүү үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги мейманканаларды жана тоо-лыжа комплекстерин курууга да инвесторлорду чакырууда. Өкмөт долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин белгиледи.

Последние новости