www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австриянын Тышкы иштер министри Беате Майнль-Райзингер менен жолугушууда Евробиримдиктин бир тараптуу санкциялары Кыргызстанга жана жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.
Тараптар саясий диалогду, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Кулубаев Кыргызстан эл аралык экономикалык байланыштарды саясатташтырууга каршы экенин белгилеп, ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экенин айтты.
Жолугушууда ошондой эле 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык жана эл аралык уюмдар алкагындагы кызматташтык маселелери каралды.