www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана «21st Century Biomedicine» компаниясы Кыргызстанда фармацевтикалык индустриалдык парк түзүү долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Долбоордун уюштуруучулук, техникалык жана юридикалык коштоосун «МедФарм Консалтинг» ЖЧКсы жүргүзөт. Концепцияга ылайык, 20 гектар аянтка жалпы инвестиция көлөмү 1 млрд долларды түзгөн заманбап толук циклдүү комплекс куруу пландалууда. Долбоорду үч этапта, алты жылдын ичинде ишке ашыруу каралган.
Индустриалдык парктын курамында илимий-изилдөө борборун, ЕАЭБдин GMP стандарттарына ылайык дары-дармек чыгаруучу өндүрүштөрдү, медициналык буюмдарды чыгаруу борборун, химиялык дары каражаттарын өндүрүү базасын, ошондой эле башкы кеңсе жана бизнес-инкубаторду түзүү пландалууда.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун айтымында, мындай долбоор ата мекендик фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүүгө, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана ички рынокту дары-дармек менен камсыздоону жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Долбоордун сунушталган концепциясына ылайык, Кыргызстанда дары-дармек менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээлин 4 пайыздан 25–30 пайызга чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Ошондой эле 2,5–3 миң түз жана 10 миңден ашык кыйыр жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө.
Долбоор фармацевтикалык продукцияны Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Евразия экономикалык бирлигинин рынокторуна экспорттоону кеңейтүүгө да багытталат.
Меморандумга кол коюу фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.