www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Kampa Industrial Park өндүрүштүк аянтчасы ачылды

Бишкек шаарында Kampa Industrial Park компаниясынын жаңы өндүрүштүк аянтчасы ишке кирди. Ачылыш аземине Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, ишкананын жетекчилигинин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жаңы өндүрүштүн ишке кириши компаниянын өнүгүүсүндөгү жаңы этап болуп, болжол менен 200 жаңы жумуш ордун түзүү каралган.

Өндүрүштүк аянтчада LAMIS, CAISER/Кайзер жана BLESK/LAMIS бренддеринин үй-тиричилик товарлары жана тиричилик техникалары чыгарылат. Мындан тышкары, Midea, Haier жана Baumann продукцияларын өндүрүү жана сатуу иштери жүргүзүлөт.

Ишкананы мындан ары өнүктүрүү өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө, продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана тышкы рынокторго чыгууга багытталган. Өндүрүлгөн продукциянын бир бөлүгү «Кыргызстанда өндүрүлгөн» (Made in Kyrgyzstan) деген маркировка менен экспорттолот.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Kampa Industrial Park менен өндүрүштү кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү багытында кызматташууну улантат.

 

Последние новости