www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кайрымдуу бол” кайрымдуулук фондунун төрагасы Азамат Байматов «жакшылык кылуу менен адамдын эч нерсеси кемибейт» дейт. Фонд иштегенден бери ондогон жалгыз бой майып энелерге үй куруп берди. Дагы кєптєгєн адамдардын операциясын жасатып жїрїшєт. Биз фонддун жетекчиси Байматовду кепке тарттык…
-Азамат, кайрымдуулук иш менен алектенүүгө эмне түрткү болду?
-Кайрымдуу болуу бала кезимден калыптанган сапат болсо керек. Менин чоң атам Байматов Рысбек элин баккан, кыйынчылыктан, ачарчылыктан алып чыккан адам болгон экен. Чоң апам атамды үлгү кылып көп айтып берээр эле. Ошондон улам жакшы сөздөр мага дем-күч болду көрүнөт. Мен да чоңойгондо атамдын жолун жолдоймун деп далаалат кылчумун. Кичинекей кезимден баштап эле колумдан келген эң жөнөкөй нерселерди жасап баштагам. Апалар оор баштык көтөрүп кетип атса, аларга жардам берчүмүн. Машине менен элдерди акысыз жеткирип жүрдүм. Андан кийин муктаж болгондорго жардам бере баштадым.
-Учурда “Кайрымдуу бол” коомдук фондун жетектеп келесиз. Бул уюм кантип ачылып калды?
-“Жеке өзүңчө эле кайрымдуулук кылбастан коомчулукка алып чыкпайсыңбы? Муктаж болгондор күндөн-күнгө көбөйүп жатат”, - деп тааныштарым сунуштап калды. Кайрылуулар аябагандай көп дешти. Ошол себептен “Кайрымдуу бол” фонду түптөлүп, бүгүнкү күнү менден башка дагы 7-8 адам иштейт.
-Фонддун негизги максаты кандай?
-Бүгүнкү күндө Кыргызстанда муктаж болгон үй-бүлөлөр аябай көп. Мен алымдын жетишинче ар биринин үйүнө барып, жашоо-шарты менен жакындан таанышууга, өз көзүм менен көргөнгө аракет кылам. Чындыгында алардын абалы жүрөктү ыйлатат. Ошондо бул жашоого бир келген конокпуз, кимибиз канча жашаарыбыз белгисиз экенин түшүнөсүң. Кудай адамзатын ар кандай жараткан экен. Бирөөгө ден-соолукту берип койгон, бирөөгө байлыкты берип койгон. Биздин фонддун башкы максаты - жардамга муктаж адамдарга жакындан жардам көрсөтүү.
-Муктаждарга жардам берүүдө кандай критерийлерге көңүл бурулат?
-Биз көбүнесе жалгыз бой энелерге, майыптарга, жетим балдарга жардам беребиз. Албетте, кайрылгандар аябагандай көп. Алардын баарына кат менен кайрылуусун өтүнөбүз. Биздин кеңешме менен карап чыгып, эгерде чындыгында тагдыры оор болсо, анда сөзсүз кандайдыр бир колдоо болот.
-Фонддун демөөрчүлөрү барбы же баарын коомчулуктун жардамы менен ишке ашабы?
-Биздин фонддо жүрөгү кыргыз деп соккон адамдар иштейт. Ошондуктан айрым долбоорлорду өзүбүз ишке ашырсак, айрымдарын коомчулуктан азаматтар чыгып көмөк көрсөтүшөт. Мүмкүнчүлүгү бар байкелерге, эжелерге да кайрылабыз. Колдорунан келген жардамдарын берип келишет.
-Кайрымдуулуктун артынан өзүңүздүн атыңызды чыгарууну көздөбөйсүзбү (?) деген суроолор көп берилсе керек...
-Мен кылган иштерим менен өзүмдү көрсөтүү эмес, эң биринчи ынтымакка чакыруу максатын көздөймүн. Эртеңки күнү ошол адам да башка бирөөнүн муктаждыгын чечүүгө жардам бериши мүмкүн. Туура, жакшылыкты көрсөтпөй кылуу керек. Бирок биздин башкы максат башкаларга үлгү болуу…
-Сырттан караган адам сизди миллионер деп ойлошу мүмкүн. Кайсыл жакта иштейсиз? Кирешени кайдан табасыз?
-Мектепти аяктагандан кийин Ислам университетине тапшыргам. Ал жактан араб тилинен котормочу бөлүмүн аяктадым. Андан кийин бизнес кылууга кириштим. Кайрымдуулук кылганга чейин жеке ишкердик менен алектенип жүрдүм. Тапкан ачкамдын баарын өзүмө жумшагандан Кудай астында корком. Кудай берген ырыскыны Кудай жолуна жумшаш керек. Ошону менен да тапканыбыз берекелүү болот.
Азамат Байматов