www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The New York Times (NYT) иликтөөсүндө Орусияга каршы Батыш санкцияларын айланып өтүүгө жардам берген деп сүрөттөлгөн A7 каржы түйүнүндө Кыргызстан негизги өлкөлөрдүн бири катары аталган.
Басылманын маалыматына караганда, A7 менен байланышкан компаниялар Кыргызстандагы банктарда алты эсеп ачып, алар аркылуу 100 млн доллардан ашык каражат өткөргөн. 2025-жылдын алгачкы төрт айында A7 аркылуу жалпы 500 млн доллардан ашык операция жүргүзүлүп, анын 130 млн доллардан көбү Орусиянын аскердик өнөр жайында колдонулушу мүмкүн болгон товарларга байланыштуу болгон.
Иликтөөдө айрым товарлардын документтеринде аталышы өзгөртүлүп, санкциялык чектөөлөрдөн өтүүгө аракет жасалганы айтылат. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик соода компаниясы аркылуу 18,5 млрд доллар өткөнү тууралуу A7 менен «Промсвязьбанктын» ички документтеринде маалымат бар экени белгиленет.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров буга чейин өлкө Орусияга санкцияларды бузуу менен согуштук товарларды жөнөтпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан БУУнун талаптарын жана санкциялык чектөөлөрдү сактайт.
Июнь айына карата 31 кыргызстандык компания Батыштын санкцияларына кабылган. Ал эми өкмөт санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу быйыл 50 ишкананын ишин токтотконун, августта дагы 19 компанияны мажбурлап жабуу пландалганын билдирген.эк