www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин каражатына Австралиянын Cochlear компаниясынан 35 сүйлөө процессору түздөн-түз сатып алынды. Жабдуулардын жалпы баасы 30 млн сомду түздү.
Сүйлөө процессорлорун тапшыруу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде өттү. 18-августта алгачкы 11 бейтап жаңы жабдууларды алышты.
Адистер ар бир алуучунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен процессорлорду орнотуп, жекече жөндөөлөрдү жүргүзүштү.
Калган сүйлөө процессорлору 19 жана 20-августта тапшырылат.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, тиешелүү адистер, ата-энелер жана угуусу начар балдар катышты.
Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы бул демилгени маанилүү жетишкендик деп атап, эгемендүүлүктүн 35 жылында биринчи жолу мындай кымбат баалуу жабдууларды сатып алууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
Анын айтымында, бир сүйлөө процессорунун баасы болжол менен 800 миң сомду түзөт. Мындай аппараттарды үй-бүлөлөрдүн өз алдынча сатып алышы чоң финансылык чыгымдарды талап кылат.
Сүйлөө процессору кохлеардык имплантация системасынын тышкы бөлүгү болуп саналат. Ал айлана-чөйрөдөгү үндөрдү кабыл алып, иштеп чыгып, сигналдарды импланттын ички бөлүгүнө өткөрүп берет. Бул угуусу олуттуу начарлаган адамдарга үн маалыматтарын кабыл алууга, баарлашууга жана билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Эмгек министрлигинде жарандарды техникалык реабилитациялоо системасын өнүктүрүү жана заманбап реабилитациялык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча иштер мындан ары да улантыларын билдиришти.