www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандары үчүн Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 2026–2027-окуу жылында мамлекеттик гранттын негизинде билим алуу үчүн 20 квота бөлүндү.

Бул тууралуу талапкерлерди тандоо Ош мамлекеттик университетинде жүргүзүлөт.
Бөлүнгөн орундар бакалавриаттын төмөнкү багыттары боюнча берилет:
мектепке чейинки билим берүү — 4 орун;
компьютердик инжиниринг — 4 орун;
агрономия — 4 орун;
суу чарбасы жана мелиорация — 2 орун;
экология жана айлана-чөйрөнү коргоо — 2 орун;
курулуш инжиниринги — 4 орун.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер анкета, орто жалпы же орто кесиптик билим тууралуу дипломдун же аттестаттын көчүрмөсүн, паспорттун көчүрмөсүн, орус тилинде белгиленген формадагы медициналык маалымкатты жана 3,5×4,5 см өлчөмүндөгү 6 түстүү сүрөт тапшырышы керек.

Талапкерлер тандоо учурунда өздөрү тандаган окутуу тилин билүүсүн көрсөтүп, эки профилдик предмет боюнча сынак тапшырат. Сынак 5 баллдык система менен бааланат.

Өзбекстандын жогорку окуу жайларында билим берүү өзбек жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Өзбек тилиндеги окутуу латын графикасында болгондуктан, талапкерлердин латын графикасын билүүсү да эске алынат.

Документтер 22-августка чейин кабыл алынат. Кирүү сынактары 24-августта саат 08:00дө Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өтөт.

Документтерди кабыл алуу дареги: Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 331, ОшМУнун кабыл алуу комиссиясы, №137-кабинет.

Кошумча маалымат алуу үчүн:
Телефон/WhatsApp:
+996 770 111 110
+996 554 48 87 46
Электрондук почта:
[email protected]
[email protected]
Белгилей кетсек, медициналык маалымкат Өзбекстанга киргенге чейин кеминде эки жума мурда берилген болушу керек.

Последние новости