www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда быйыл жарык дүйнөгө келген ымыркайларга Салиха, Амина, Мухаммад, Умар ысымдары көп берилген. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлады.

Калкты каттоо департаментинин ЖААК автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматына ылайык, кыздарга Салиха (3 904), Амина (2 969), Фатима (2 804), Раяна (2 786), Алия (2 426), Айлин (2 426) ысымдары көп коюлган. Ошондой эле Альфия (2228), Сафия (2223), Аруузат (2221), Хадича (2179) деген аттар да көп кездешет.

Ал эми уул балдарга Мухаммад (5 112), Умар (4 577), Али (2 838), Билал (2 505), Амир (2 436), Алихан (2 436), Нурислам (2042) ысымдарын көбүрөөк ыйгарышкан. Андан сырткары, Алинур (2 023), Усман (1 937), Эмир (1 657) ысымдары коюлган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости