www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салафиттер да, вахабиттер да, жихаадчылар да өзүлөрүн эч убакта «салафитмин», «ваххабитмин» же башка терминдер менен аташпайт, алар өзүлөрүн жөнөкөй «чыныгы» мусулманмын деп аташат. Бул тууралуу жазуучу Абдымамбет Сариев билдирди.

"Ислам дининдеги салафизмдин радикалдуу багыттагы кыймылы болуп эсептелип, диний экстремисттик идеологияны алып жүрөт да өзүлөрүнө макул болбогондорго жана душмандарына каршы күч колдонуу чакырыгы менен өзгөчөлөнүп турат. 

ХХ кылымдын аралыгында салафизм агымынан «Такфиристик-жихаттык» салафизм бөлүнүп чыгып, куралдуу конфликт учурларында Авганистанда, Борбордук Азияда (Мисалы, «Өзбекстандагы ислам Кыймылы»), Чыгыш Африкада, Балканда жана Түндүк Кавказда түзүлгөн. Бул агым «Бир тууган мусулмандар» Шериктештигинин жана радикалдуу ваххабизмдин катуу тартиптерин өзүлөрүнө сиңирип, комбинациялап алган. 

Усама бен Ладендин устаты палестиналык Абдуллах Аззамдын жактоочулары «жакынкы жихад» жасап, «кудайсыз» араб режимин талкалоого чакырышкан. 

Салафиттердин Жухаймана аль-Отейбинин баштаган тобу элди Саудиядагы «проамерикалык» режимди кулатууга чакырган. 

1979-жылы ноябрь-декабрь айларында алар ажылык учурунда куралдуу көтөрүлүш чыгарып, Сауд Аравиясынын Королчулугундагы ажылыкка баргандар сыйына турган Ыйык Кааба ташы жайгашкан борбордук аянттагы башкы мечит болуп эсептелген Мекке аль—Масжид ал-Харамды басып алышкан. Бул мечитке алар куралдуу жол менен басып киришип, бир айга чейин кармап турушкан. Көтөрүлүшкө 2-3 миңге жакын адам катышып, анын 500дөйү көтөрүлүштү басуу учурунда курман болгон. Козголоң чыгаргандардын башчылары Сауд Аравиясынын башчылары тарабынан дарга асылган. Өкмөттүк аскерлер көтөрүлүштү басуу учурунда 5-6 эсе көп курман болгон. 

Салафиттердин бирикмесиндеги жетекчилер Усама Бен Ладен жана Айман Аль Завахари булардан да ашып, батыш өлкөлөрүнө каршы «алыскы жихад» жарыялоо жөнүндө жар салышкан. 

1998-жылы салафит биркмесинини жетекчилери: Усама бен Ладен (Аль Кайида»), Айман аз-Завахири («Аль-Жихад аль-ислами, Египет), Рифан Ахмад Таха («Аль-Джамаа» аль-исламия», Египет), Мустафа Хамза («Жамиат уль-улема-е», Пакистан), Мавулави Фазль ар-Рахман Халиль («Харакат уль-ансар» Пакистан), Абд ас-Салям Мухаммад Хан (Аль-Жихад аль-ислами», Бангладеш) пресс-конференцияда «Крестүүлөргө жана иудейлерге каршы күрөшүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк ислам фронту» түзүлгөнүгү жөнүндө билдирүү жасашкан. 

Алар Ыйык жерлерди «басып» алгандыгы жана мусулмандарга каршы агррессиясы үчүн АКШга жана Израилге тоталдуу жихад жарыялагандыгын, америкалыктарды жана алардын союздаштарын өлтүрүү жөнүндө фетва кабыл алышкандыгын билдиришкен. Фетванын текстинде салафизмдин теоретиги Ибни Таймийинин жана башка теоретиктердин окууларынан шилтеме келтирип, террордук аракеттерге чакыруу жазылган.

«Такфиристик-жихаттык» салафизм кыймылынын өзгөчөлүгү трансулуттук, жашыруундулук жана тарамдык-желелик (сетевой) мүнөзгө ээ болуп, аларга катышкандардын ишмердүүлүгү, кирген уюмдун аты, адамдарынын саны (аталыштары, адамдарынын сандары тез-тез алмашып турат) айтылбагандыгында.

Ошону менен катар эле алар бири менен бири идеологияда, үгүттөөдө, стратегия менен тактикада, окууда, керектүү ыкмаларды таратууда, финансылоодо, ар кандай акцияларды өткөрүүдө өз ара биргеликте аракет кылышат. Алар 80ден ашуун мамлекетте бар экендиги катталган.

Эске ала турган нерсе: салафиттер да, вахабиттер да, жихаадчылар да өзүлөрүн эч убакта «салафитмин», «ваххабитмин» же башка терминдер менен аташпайт, алар өзүлөрүн жөнөкөй «чыныгы» мусулманмын деп аташат.

Ислам дининдеги салафизм диний агымы Тажикстанда экстремисттик уюм деп сот тарабынан таанылып, ишмердүүлүгүнө тыю салынган.

Кыргызстанда  салафизм багытындагы «Такфиристик-жихаттык» кыймылына таандык «Жайшуль Махди», «Джунд-аль Халифат» («Джунд-уль Халифат»), «Ансаруллох» («Ансарул Аллах) жана  «Ат-Такфир Валь-Хиджра» («Ат-Тафир ва-л-Хиджра» сыяктуу диний уюмдар бар", - деди жазуучу  Абдымамбет Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости