www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
33
Суу бетинде караңдаган көлөкөлөрдүн тизмеги созулган, аларды Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуштун кандым көздөрү жогору жактан агызып келаткан камгактар экенин тааныды. Анда –санда жарк эткен жайдын оту гана кара күзгүдөй болуп жаткан агып жаткан суунун бетине чагылышып, бет маңдай жактагы эңкейиш жээкти айкын көрсөтө алды. Бир кылка түнкү шоокумдар –чийдин шуудуру, чиркейлердин ыз-бызы жана шаркырап аккан суунун дабышы бирде алыстан жарк деп көрүнө калган чагылгандын үнү менен, бирде эшилип кеткен жээктин сууга күп этип түшкөнү менен, бирде- бир балыктын сууну шарп эткизгени менен, бирде чийдин арасындагы ар кандай аңдын бир нерсени кычыратканы менен айкалышып кетип жатты.
Шабдандын күтүүсүздөн келип, салам айтып атасынын ахыбалын сурап кеткенине Балбак болуш ого бетер дыңкыйып, башкалардан өөдөсүнүп, жигиттеринин да өрөпкүгөнү күчөйт:
“Болушубуз кечээ Шабданды көзгө илбей, камгак катары көрбөй тоготпой койду эле. Бүгүн таң сөгүлө электе өзү кол куушуруп, атайы келип, болушубуздун ал-ахыбалын сурай баштады. Мына эл башы болсо, Балбактай болсун!”- дешип аны көкөлөтүшөт.
Ошентип Токмоктогу топ башталат. Топту Шабдан баатыр өзү башкарат. Топто көп маселелер каралып, топ аяктаганда топ алдында жарыя кылат:
- Буюрса, Ташкенди көздөй бир айга сапар тартканы турам. Мени менен бирге кочкорлук болуш Балбак баатыр кошо барат.
Бул сөзгө Балбак абдан таң калат. Шабдан өзү чуркап келип салам айтса, эми Ташкенге чейин ээрчиткен жатса балбактын төбөсү көккө жетет. Шабдан камылгасы бүткөн соң Балбакты Ташкенге ала кетет. Өзбек, кыпчак, казак, сарт бектери Шабданды абдан зор шаан-шөкөт менен тосуп алышат. Кыргыз төрөсү Шабданга агылып -төгүлүп урмат-сый көрсөтүшөт. Шабдан баатырды өзбек, кыпчак, казак, сарт бектери жүда таанышат экен. Жаш болуш Балбакты Ташкенде эч ким деле таанычуу эмес, бирок анын атасы Шаменге бардыгы ызаат этишип, Шамен тууралуу Ташкендин бектеринин жакшы ойлору бар экен.
Кетер күн келет. Өзбек, кыпчак, казак, сарт бектери “Кур кетпеңдер” –деп куржундун эки көзү толтура алтын, күмүш, асыл баа буюмдарга толтуруп, Шабданга тартуулашат. Өзбек, кыпчак, казак, сарт бектери ак боз аттуу трашманке араба менен Токмокко чейин жеткиртип коюшат. Буларды тоскондор көп, эл арасында болуштун жигиттери да бар.
Түшөөр алдында Балбак баягы бир куржун алтын тууралуу эскертип Шабданга кайрылат, Шабдан болсо жоомарттыгына салып, “Бул куржунду жаш эмессиңби, өзүң ал, Шамен баатырга салам айта бар” - деп арабадан түшүп кетет.
Бир куржун толтура баалуу асылзаттар колунда калган Балбак жолдо баратканда бул олжосун жигиттерине көрсөтөт. Ошентип, Балбак болуш үч уктаса түшүнө кирбеген зор олжолуу болуп, үйүнө кайтат. Үйүнө жеткенде бул баа жеткиз асылзаттарды эсептесе, он миң койдун пулу экен. Шабданды баш ийдирип, коркутуп алганына кубанат.
Небереси Ташкенде жүргөндө Шамен карыя небересинин жигиттери менен сүйлөшүп, Балбактын Шабданды тоготпогонун, ага бой көтөргөн жосунсуз жоруктарын угуп, акылман карыя өтө кейип-кепчип, абдан капа болот. Балбак саякаттан кайтып келген соң чоң атасы Шамендин үйүнө барат. Алар маңдай-тескей сукбатташып отурат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg