www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июль айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 триллион 172,7 миллиард сомду түздү.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өлкөнүн ИДПсы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу түрдө 11,1% өскөн.
Экономикалык өсүшкө негизги тармактардын баары оң салым кошкон. Анын ичинде:
курулуш тармагы – 60,6%;
кызмат көрсөтүү чөйрөсү – 6,1%;
айыл чарбасы – 6%;
өнөр жай – 11,2% өскөн.
Өнөр жай тармагында химиялык продукция өндүрүү 2,9 эсеге, тазартылган мунайзаттарды өндүрүү 1,8 эсеге көбөйгөн. Ошондой эле транспорт каражаттарын өндүрүү 41,8%, курулуш материалдарын өндүрүү 33,6%, пайдалуу кендерди казып алуу 16,9%, фармацевтикалык продукция өндүрүү 13%, негизги металлдарды өндүрүү 8,5%, азык-түлүк өндүрүү 2,4% өскөн.
Касымалиевдин айтымында, 2026-жылдын башынан бери негизги капиталга инвестиция салуунун да рекорддук өсүшү катталган. Инвестициялардын жалпы көлөмү 238,3 млрд сомду түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 58,8% көбөйгөн.
Мындан тышкары, чакан жана орто ишкерликти колдоо чараларынын натыйжасында бул сектордо да өсүш байкалган.
Алдын ала маалымат боюнча, 2025-жылы чакан жана орто ишканалар өндүргөн жалпы кошумча нарк 54,5% өсүп, 1 триллион 15 млрд сомго жеткен. 2024-жылы бул көрсөткүч 657,1 млрд сомду түзгөн.
Ошондой эле ЧОИнин ИДПдагы үлүшү 41,5%дан 51,4%га чейин өскөн. Чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% көбөйүп, 27,3 миңге жеткен.
ЧОИ жана жеке ишкердик тармагында иштегендердин саны да 6,8% өсүп, 643,8 миң адамды түзгөн.