www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда күйүүчү майдын кору учурда 1–1,5 айга жеткидей көлөмдө бар. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлү Бейше Сатыгулов билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдөгү күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу. Нефтетрейдерлер күйүүчү майды Беларусь, Кытай жана Түркмөнстандан импорттоп жатышат.
Бишкек шаарында күйүүчү майдын баасы төмөнкүдөй:
АИ-92 бензини — 87,90 сом;
дизель майы — 99,90 сом;
автогаз — 48,80 сом.
Аймактарда күйүүчү майдын баасына жеткирүү чыгымдарына жараша орточо 2–3 сом кошулушу мүмкүн. Ал эми алыскы райондордо баа дагы 1 сомго чейин жогорулашы ыктымал.
Сатыгуловдун маалыматына караганда, күйүүчү майдын баасын негизсиз жогорулаткан үч май куюучу жайга жалпы 39 миң сом айып пул салынган.
Ошондой эле ал мамлекеттик жөнгө салуу болбогон учурда дизель майынын баасы 120–140 сомго чейин жетиши мүмкүн экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы бир тонна бензиндин баасы болжол менен 700 доллар болсо, учурда анын баасы 1200–1500 долларга чейин өскөн.
Мындан тышкары, нефтетрейдерлерге май жана июнь айлары үчүн каралган субсидиялар толугу менен төлөнүп берилгени айтылды.