www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында социалдык жана ири инфраструктуралык объектилердин курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш объектилерине болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Министрдин иш сапарынын жүрүшүндө журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан бир катар маанилүү объектилердин абалы менен тааныштырылды.

Алардын катарында Президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 10 жаңы мектеп бар.

Билим берүү мекемелеринин сыйымдуулугу 275тен 1200 орунга чейин жетет.

Мындан тышкары, пресс-турдун алкагында эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн, «Эне-Сай Сити» турак жай комплексинин жана «Ош-сити» долбоорунун алкагындагы IT-шаарчанын курулушу көрсөтүлдү.

«Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бир катар маанилүү курулуш объектилеринде иштер активдүү жүрүп жатат, бир да курулуш токтогон жок. Биз үчүн негизги талап — курулуштун сапатын камсыз кылуу, каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жана объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү», — деди Нурдан Орунтаев.

Ошондой эле министр журналисттердин курулуш материалдарынын сапаты, каржылоо, объектилердин мыйзамдуулугу жана курулуш иштеринин жүрүшүнө байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Последние новости