www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү майдын кору 2 жумага гана жетет

Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 2 жумага гана жетет. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Кыргызстандын Мунай өндүрүүчүлөр биримдигинин башчысы Канат Эшатов парламенттин жыйынында билдирди.

«Орусиядан чоң көлөмдө мунай алып келүү мүмкүн болбой жатат, бирок майда партиялар менен алып келинүүдө, келишимдер түзүлгөн. Биз Экономика министрлиги менен үч жолу чоң чогулуш өткөрдүк. Биз сунуштарды бергенбиз, анын кээ бирлери ыкчам чечилип жатат, күйүүчү майды алып келүү маселеси да ишлетип жатат», — деди Эшатов.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлүнүн маалыматына караганда, бензиндин кору 1 айга чейин, дизель отуну 2 айга чейин жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости