www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Нигерияда кош бойлуукка байланыштуу оорулардан улам жыл сайын 40 миң аялдын каза болгондугу билдирилди. Бул тууралуу ТРТ жазып чыкты.

Нигериянын Үй-бүлөлүк саламаттыкты сактоо директору Салма Коло өлкөдө кош бойлуу кезде байкалган оорулардын коронавирустун жаңы түрүнө караганда  адам өмүрүн көбүрөөк алып жатканын айтты.

Жыл сайын кеминде 40 миң аялдын кош бойлуулукка байланыштуу  оорулардан каза болуп жаткандыгын белгилеген Коло : "Өзгөчө 1 миллиондон ашык ымыркай төрөт учурунда чарчап калууда. Бул эне төрөт учурунда каза боло турган болсо, ымыркайдын жашап калуу мүмкүнчүлүгү абдан аз",- деди.

Коло бул абалга негиз катары жогорку төрөө көрсөткүчү, төрөттү көзөмөлдөөнүн төмөн болушу жана өзгөчө сапаттуу медициналык кызматтардын, баштапкы медициналык-санитардык жардам борборлорунун жетишсиздиги экендигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости