www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл шок. Кубанычтан көз жаштары токтобой жатат. Мынчалык эл сүйүнбөсө керек. Сыягы, чындыкты жалган жүгөндөп минип алганда ошондой болот окшойт. Дегенибиз, Кыргызстанда орточо маяна 30 862 сом деп эсептелди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. 

Статкомдун маалыматына ылайык, орточо эмгек акы былтыр декабрда 26 540 сомду түзгөн, быйыл май айына чейин 4 322 сомго көбөйгөн. 

Эң жогорку маянаны Ысык-Көл менен Бишкекте иштегендер алат. Ал эми эң азы Ош облусунда төлөнөт.

Статкомдун Кыргызстанда орточо айлык 31 миң сомго жакын экени боюнча билдирүүсү, коомчулукта ар түрдүү шакаба менен коштолду.

Айрымдар, "булар цифраны асмандан алышабы, ким деген мээ кайыктар жөө жомок токуп жатышат" дешип сындашса, кээ бирлер "эмнеге айлык маянаны аз көрсөтүп өлкөнүн беделине көлөкө түшүрүп жатышат, орточо эмгек акы бери жагы 100 миңден кем эмес" дешип какшыктап, мыскылдап жатышат.

Ал эми дагы бирлери, "эмнеге эле Кыргызстандан иш издеп мандикер болуп кетип жаткандар көп десе, айлык маяна көбөйүп, арзан айлык издеп кетип жатышкан тура" дегендер да жок эмес.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости