www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майами шаарынын мэри Фрэнсис Суарес келерки жылдын ноябрь айында өтө турган АКШдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Ал Республикалык партиядан ат салышат.

Теги кубалык Суарес 45 жашта. 2017-жылы Майами шаарынын башчысы болуп шайланса, 2021-жылы жаңы мөөнөткө кайра шайланганын CNN билдирди.

Буга чейин Республикачылардын президенттикке талапкерлиги үчүн күрөшүү ниетин Ак үйдүн мурдагы башчысы Дональд Трамп, Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис, мурдагы вице-президент Майк Пенс, Түштүк Каролинадан сенатор Тим Скотт, АКШнын БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, ошондой эле Түндүк Дакота штатынын губернатору Даг Бергум жана Нью-Джерси штатынын мурдагы губернатору Крис Кристи билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости