www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, индексациянын коэффициенти 1,20 өлчөмүндө белгиленип, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү орточо 20 пайызга жогорулатылат.
Индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетери күтүлүүдө. Орточо жогорулоо 1 753 сомду түзөт.
Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге индексация боюнча бардык эсеп-кысаптарды жүргүзүп, каржылык камсыздоону жана пенсионерлерге төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө даярдык көрүүнү тапшырды. Ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин уюштуруу милдети коюлду.
Мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилет
Аппараттык кеңешмеде өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдыгы да каралды.
Министрлер Кабинетинин төрагасы бардык аймактардагы мектептердин даярдык деңгээлин тез арада тактоону тапшырды. Өзгөчө курулуш жана оңдоо иштери дагы эле жүрүп жаткан мектептерге көңүл бурулуп, алардын өз убагында пайдаланууга берилиши боюнча тобокелдиктерди аныктоо зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, мектептердин эмерек, окуу жабдуулары жана башка керектүү инфраструктура менен толук камсыздалышы текшерилет.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага жаңы окуу жылы башталганда курулуш, оңдоо же жабдуу иштерине байланыштуу окуу процессине тоскоолдук жаралбашын камсыз кылуу тапшырылды.