www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-августта «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мыйзамсыз жүк ташуучу автоунааларды өткөрүп турган коррупциялык топтун ишмердүүлүгүн токтотту.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ башкармалыгынын кызматкерлери акчалай сый акынын ордуна коммерциялык товарлар жүктөлгөн ири жүк ташуучу автоунаалардын Кыргызстанга тоскоолдуксуз киришин камсыздап келишкен.
Ошол эле учурда расмий документтерде аталган жүк ташуучу автоунаалар бош деп көрсөтүлүп турганы аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Чек ара кызматынын аскер кызматкери «Э.у.Ч.», түндүк регион боюнча ЕАЭБ Мамлекеттик салык башкармалыгынын кызматкерлери «Дж.М.Т.» жана «О.К.И.», ошондой эле ири жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу «Н.М.С.» кармалды.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.