www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги менен Gobon Group «Кыргыз Республикасындагы соода-экономикалык аймак» долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Долбоордун алкагында соода, көргөзмө ишмердүүлүгү, продукцияны кайра иштетүү, кампа-логистика жана тиешелүү инфраструктураны бириктирген заманбап көп функционалдуу аянтча түзүү пландалууда.
Ошондой эле соода-көргөзмө, өндүрүштүк, кампа-логистикалык жана ишкердик инфраструктураларды түзүү каралган.
Долбоордун сунушталган концепциясына ылайык, ал толук пайдаланууга берилгенден кийин 10 миңге жакын жаңы жумуш ордун түзүү күтүлүүдө.
Меморандум инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана Кыргызстандын транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган.